Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Кыргызстандагы энелердин абалы 107-орунда


"Балдарды сактайбыз" эл аралык уюму 179 өлкөдөгү энелердин абалын изилдеп чыккан. 16 жылдан бери жыл сайын жүргүзүлчү изилдөөдө аялдардын жана балдарынын саламаттыгы, билим деңгээли, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, алардын саясий, коомдук иштерге аралашуусу эске алынган. Кыргызстандагы энелердин абалы 179 өлкөнүн ичинен 107-орунда экенин Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук борбору маалымдады.

Маалыматка караганда, энелердин абалы мыкты деген мамлекеттердин алдыңкы сабында Норвегия, Финляндия жана Исландия турат. КМШ мамлекеттеринин ичинен Белоруссия 25, Орусия 56, Казакстан 58, Түркмөнстан 99, Өзбекстан 118, Тажикстан 127-орунда экени көрсөтүлгөн. Ал эми энелердин абалы төмөн деген өлкөлөргө Сомали, Конго, Мали сыяктуу өлкөлөр кирген.

Былтыр Кыргызстандагы энелердин абалы бир тепкич ылдый, 108-деп көрсөтүлгөн болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG