Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Кыргызстан-Кытай: 10 жылдык кызматташтык программасы кабыл алынды


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында 2025-жылга чейин кызматташуу тууралуу программа кабыл алынды. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда чек ара кызматташтык программасына кол коюлду. Ага экономика министри Олег Панкратов жана Кытайдын өнүгүү жана реформалар боюнча комитетинин төрагасы Сюй Шаоши кол койду. Мындан тышкары Кытай тарап бере турган грантка байланыштуу техникалык-экономикалык кызматташтык тууралуу макулдашууга, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосундагы кызматташтык программасына кол коюлду.

Буга чейин 3 жыл аралыгында Кытай 1 миллиард юань кайтарымсыз грант бере тургандыгы айтылган.

(ZMa)

XS
SM
MD
LG