Бүгүн эртең менеки тогуздар чамасында Навои облусундагы "Навоиазот" химиялык заводунда катуу жарылуу болгонун "Азаттыктын" өзбек кызматы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Аммиак менен карбамид өндүргөн бул заводдогу жарылуудан эки адам жабыркап, ооруканага түштү. Жарылуудан соң заводдо өрт чыгып, кийинчерээк өчүрүлгөн. Кырсык болгон жерде учурда тиешелүү органдардын адистери иш жүргүзүп, анын себептерин аныктоодо.
Бул аталган заводдогу экинчи жарылуу. 2013-жылдын 27-июлунда да ишкана катуу жарылуудан жабыркаган. Анда эки киши каза таап, дагы бир канча киши жаракат алган. Бирок бийликтер ал жарылуунун чоо-жайын жана канча адам жапа чеккенин азырга чейин айтпай келет.