Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Бишкекке 6 миң таштанды челеги жетишпейт


Мындай кабарды "Азаттыкка" "Тазалык" ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башчысы Муратбек Эсенов билдирди. Анын айтуусунда, баш каала боюнча 5300 таштанды челеги бар. Алар ар бир районго 3 миң даанадан коюлушу керек болсо, азыркы учурда 1500-1800 гана даанасы турат.

“Азыр биз Европа банкы аркылуу 6500 даана челек алып жатабыз. Банктын каражатынын жарымы грант, жарымы жеңилдетилген насыя болот,"-дейт Эсенов.

"Тазалык" ишканасынан ырасташкандай, таштандыларды 250 техника ташыйт. Мындай 25 жыл илгери чыккан автоунаалар жүрбөй калышкан. Комбинатта иштеген 1360 кишинин 438 таштандыларды ташыйт. Алардын айлык акысы 12-13 миң сом, ишкана дагы 30 жумушчуга муктаж.

1-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаар мэри Кубанычбек Кулматовдун ишин сынга алып, шаарды таштандыдан тазалай албаса ишин тапшырып кетүүнү сунуштаган. (JM/КЕ)

XS
SM
MD
LG