Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Туск: Евробиримдик качкындарды кабыл алуу квотасын көбөйтүшү керек


Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан
Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан

Евробиримдиктин өлкөлөрү 100 миңдей качкынды кабыл алуу үчүн квоталарды кескин көбөйтүп, Европадан сырткары аймакта да мигранттар борборун ачуу керек. Бул тууралуу бейшембиде Брюсселде Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск билдирди.

“Евробиримдиктин өлкөлөрүнө 100 миңдей мигрантты биз адилеттүү бөлүштүрүүбүз керек”, - деди Туск Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен болгон жолугушуудан соң журналисттерге өткөргөн маалымат жыйында.

Еврошаркеттин өлкөлөрү Италия жана Грециядан 32 миң адамды кабыл алууга даярдыгын билдиришти.

Дональд Туск ошондой эле кийинки айда өтө турган саммитте Евробиримдиктин лидери миграция кризисин чечүү үчүн көбүрөөк акча чыгарууга даяр болуусу керектигин белгиледи.

Ал арада бүгүн Венгриянын баш калаасы Будапешттеги “Келети” темир жол бекетинин жетекчилиги качкындардын эки күнгө созулган нааразылык акциясынан кийин аларга вокзалдын эшигин ачты.

Европага агылган качкындардын саны быйыл рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Июль айында эле 100 миңден ашык мигрант Евробиримдиктин аймагына киргени маалым болду.

XS
SM
MD
LG