Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Шайлоо фондунан эң көп каражатты "Өнүгүү - Прогресс" партиясы сарптаган


"Өнүгүү - Прогресс" партиясы шайлоо фондунан 64 миллион 148 миң сом жумшаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 1-сентябрга карата "Өнүгүү - Прогресс" партиясынын шайлоо фондуна 75 миллион 409 миң сом түшкөн. Анын 11 миллиондон ашууну калды. Кийинки орунда "Ата Мекен" турат. Анын чыгымы 39 миллион сомго жетти. Учурда партиянын фондунда 5 млн. сомго жакын каражат калды. "Республика - Ата Журт" шайлоо фондунун көлөмүн 72 миллионго жеткирип, анын 22 миллион 615 миңин гана сарптады. "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" 15,5 млн. сомго жакын, "Ар-намыс" 10 миллион 106 миң сом чыгымдады. "Азаттык" жана "Улуу Кыргызстан" партиялары 5 млн. сомдун тегеринде коротушту. Мыйзам боюнча партиялардын шайлоо фонду 500 миллион сомдон ашпоосу керек. (JM)

XS
SM
MD
LG