Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

Орусияда “сепаратизмге чакырык таштады” делген активист кыз соттолууда


Орусиядагы оппозициялык активист кыз Дарья Полюдова.
Орусиядагы оппозициялык активист кыз Дарья Полюдова.

Орусиянын Краснодар аймагында оппозициялык активист Дарья Полюдованын үстүнөн сот процесси башталды. Ал экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген жана интернетте сепаратизмге чакырык таштаган деп айыпталууда.

26 жаштагы Полюдовага айыптар өткөн жылдын августунда тагылган. Ал Орусияда 2014-жылдын май айында интернеттеги чакырыктар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам кабыл алынгандан бери бул кине менен айыпталып жаткан биринчи адам.

Өткөн жылдын жай айында Полюдова социалдык тармактардын биринде Москвада айтылган Украинаны федералдаштыруу демилгелерине жооп кылып “Кубанды да федералдаштыралы” деп чакырык таштаган.

Кубан - Түндүк Кавказдагы тарыхый аймак.

XS
SM
MD
LG