Индияда бүгүн миллиондогон адамдар бир күнгө иш таштады. Муну менен алар премьер-министр Нарендра Модинин өкмөтү сунуштап жаткан эмгек мыйзамынын реформаланышына каршылыгын билдиришти. Бүткүл индиялык профсоюздар конгресси маалымдагандай, иш таштагандардын саны 150 миллион адамды түздү. “Франс- пресс” агенттиги алардын көбү банк, транспорт, курулуш жана кен компанияларынын жумушчулары экенин жазды.
Акцияны уюштурган профсоюздар билдиргендей, жаңы өзгөрүүлөр ишканалардын жабылышын жана жумушчуну кызматтан бошотуу процедураларын жеңилдетүүгө алып барат.
Бул акыркы эки жыл ичинде өткөн Индиядагы эң чоң иш таштоо.
Индиянын көп шаарларында акция тынч өттү. Ал эми Батыш Бенгалия штатында активисттер менен полициячылардын кагылышуусу катталып, 200дөй адам камакка алынды.
Эксперттердин эсептөөсү боюнча, иш таштоодон өлкө экономикасы 3 миллиард 700 миллион чыгым тартты.