Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

ЕАЭБ: товарлар 30 пайызга кымбаттады


"Дордой" базары
"Дордой" базары

Кыргызстан ЕАЭБге киргени сырттан ташылган товарлар баасы кескин жогорулаганы айтылууда.

Башка алыш-бериш жайларындагыдай эле “Баткен” базарында да соода солгун. Бирин-экин кардардан башкасы жол караган сатуучулар. Алардын бири Алтынбек соңку бир жумада эле Кытай, Түркиядан келген товарлардын кымбаттаганын мисалдар менен айтып берди.

- Мисал үчүн 120 сомдук кытай шамдарынын баасы 150гө чыкты. Түркиядан келген жез зымдардын метри мурда 32 сомдон болсо азыр 42 сомдон сатып жатабыз. Анткени бажы төлөмдөрү товар түрүнө жараша 20 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүлдү. Эми доллар баасы өссө дагы кымбаттайт го. Кардарлар жок. Былтыр бул убакта соода жакшы болгон.

Алтынбек Исабаев кошумчалагандай бажы төлөмүнүн кымбатташы Орусия, Казакстан товарларынын наркын да 5-10 сомго көтөргөн.

Бажы төлөмү бааны асмандатабы?

Экономист Элдар Абакиров товар наркынын өсүшүн өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушу жана доллар кунунун жогорулашы менен байланыштырды. Айтымы, Кыргызстан биримдикке кошулганы ЕАЭБ тышынан кирген товарлар 30 пайызга чейин кымбаттады.

- Баалар бажы тарифине байланыштуу бир эле жолу көтөрүлөт. Эгер доллардын наркы 70 сомго чыгып кетсе дагы кымбаттайт. Ушулардын таасири менен сатуучулар өздөрү да кошуп сатышат. Ошентип ЕАЭБ тышынан келген товарлар 30 пайыздай кымбаттады.

12-августтан бери ЕАЭБден тыш өлкөлөрдөн ташылган товарларга бажы төлөмү 0 пайыздан 16 пайызга көтөрүлгөн. Бажы кызматынын ага инспектору Алмаз Акынбеков бажы төлөмү эселеп көбөйгөнү аз келгенсип, соодагерлерден 12 пайыздык кошмча нарк салыгы алынарын айтууда.

- Желим эшик-терезелерге ЕАЭБге чейин 0 пайыздык төлөм алынса азыркысы 14%. Электротоварларга бажы төлөмү буга чейин 5 пайыз болсо азыр 18ге көбөйтүлдү. Мындан сырткары товардын баасына бажы төлөмү кошулгандан кийин 12 пайыздык кошумча нарк салыгы алынат. Ошентип товарлар дагы кымбаттайт.

Адистердин божомолунда товарлар дагы кымбатташы мүмкүн. Анткени азыркы сатыктагы буюмдардын көбү ЕАЭБге бириккенге чейин киргизилген. Айрым сатуучулар эски товарга деле жаңы төлөм пайызын кошуп жатканы айтылууда.

Убадага каршы баалар

Курулуш материалдарынын көбү ЕАЭБ тышынан келет. Ушул себептүү Орусия, Казакстанда өндүрүлгөн буюм-тайымдар деле баанын өсүшүн токтото албайт дейт экономикалык эксперт Элдар Абакиров.

- Эми Орусиядан бизге темир менен эле тактай келет да. Казакстандан болсо анча-мынча цемент аралашмалары келет. Товарлардын көбү Кытай, Түркия, Кореядан келет. Ошондуктан курулуш материалдары арзандабайт. ЕАЭБ болгону темир менен тактайга гана жакшы таасир эте алат.

Буга чейин Кытай, Түркия өңдүү өлкөлөрдөн ташылган кийим-кечеге килограммына 35-50 цент айланасында төлөм төлөнсө, ЕАЭБдин бажы төлөмү 2 долларга жетет. Адистер бул жагдай кытай товарларынын эки-үч эсе кымбатташын шарттады деп эсептешет.

Кыргызстан ЕАЭБге 12-августта толук мүчө болду. Бул күндөн баштап казак-кыргыз чегиндеги бажы тосмолору алынып, товар ташуу эркин жүргүзүлөрү Орусия, Казакстандан келген товарлар арзандары айтылган.

XS
SM
MD
LG