Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

ЕАЭБ: унаа базарынын кардары азайды


Бишкектеги унаа базар
Бишкектеги унаа базар

ЕАЭБге киргенден бери унаа базарында соода солгундап, ишкерлер кыйналып жаткан учур.

Нааразы болгон соодагерлер биримдикке кирген соң, автоунааларды коңшу мамлекеттерге сатабыз деп үмүт кылышкан. Бирок бажы салыгын төлөбөй Казакстанга автоунаа сатууга уруксат 2020-жылдан тарта гана берилет.

Экономика министрлигинин өкүлү Кубанычбек Айдаралиев казак тарап өздөрүнүн унаа базарындагы жагдайды иретке келтирүү максатында ушундай шарт коюшканын маалымдады.

- Баягы ички атаандаштыкты бузбоо үчүн 2020-жылга чейин уруксат берилген да. Чындыгында машиненин ал жактагы баасы жогору. Бирок Кыргызстандан ташылган унааларды ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин аймагына ташып кирүүгө жана пайдаланууга бажы декларациясынын шарттарын аткарып, бажы менен салыктын суммасынын ортосундагы айырма акчаны төккөндөн кийин гана уруксат берилет.

Өзүн жеке ишкермин деп тааныштырган Бек Орозобеков Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин унаа базарында абал мындай болорун бийлик алдын-ала айтканда, ондогон автоунааларды сатып алып убара болмок эмеспиз деп кейиди.

- Эми бизге оңчулуктуу деле маалымат жеткен жок да. Мисалы, мен уккан эмесмин. Биримдике киребиз, машина укмуш сатылат дегенинен ташып алгам. Сатып алгандар бар, жок эмес. Эми өзүбүздүн эле жарандар сатып алып жатышат. Бирок аз санда. Көбү таштап атат бул бизнести. Анын үстүнө Орусия көп унаа чыгарып жатат жана анын баасы да арзан, ошондуктан казакстандык сатып алуучулар биздин базардан кетип жатат.

Бек сыяктуу эле башка ишкерлер Кыргызстанга акыркы мезгилде ЕАЭБге киргенден кийин анын мүчөлөрүнө сатабыз деп 100 миңге жакын унаа алып келишкен. Казакстан эски машиналарды киргизбей, 2007-жылдан кийин чыгарылган унааларга гана уруксат берилерин эскертүүдө. Азыр деле 2014-жылдан кийин Кыргызстанга кирген бардык унааларды ЕАЭБ аймагына сатуу үчүн бажы жагынан эч кандай жеңилдик жок. Экономика министрлигинин өкүлү Кубанычбек Айдаралиев жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Алардын бажы ченеми биздикине караганда кымбат болуп жатпайбы. Ошондуктан азыр ал жакка эч ким деле ташыган жок. Бирок 2014-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейин ташылган унаалар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каттоосуна алынат жана аларга ЕАЭБдин бажы салыгы менен Кыргызстандын бажы салыгынын ортосундагы айырманы төккөндөн кийин гана бажыдан өткөрүүгө уруксат берилет.

Жарандык активист Марат Мүсүралиев түзүлгөн мындай жагдай башынан ачык-айкын маалыматтын жетпегенинен улам келип чыкты деп эсептейт.​

- Бизнес кооптуу нерсе да. Тез байып, тез күйүп кетесиң дегендей. Ошондуктан алдын-ала өкмөттүн мүчөлөрү ушул бажы биримдигине киргизген адам түшүндүрүшү керек болчу. Мисалы, ошол эле маселени айтыш керек болчу, беш жылдан кийин сыртка алып чыгып сата аласыңар, шашылбагыла деп. Экинчиден, алыпсатарлар өздөрү да күнөөлүү. Мисалы, казакстандыктар бизге чейин биримдикке кирген соң, кайсы бир убакта бизге келип машиналарды сатып алып жатышкан. Ошол жагдай бизде деле кайталанышы мүмкүн экенин ойлонуш керек болчу.

Кыргызстандык ишкерлерге дагы эки жылдай Евразия экономикалык биримдигине кирген башка өлкөлөрдө кабыл алынган бажы ченемдеринен төмөнкү бажы төлөмү менен унаа алып келүүгө уруксат берилген. Бирок 2020-жылга карата Кыргызстандан бара-бара бул ченемдерди теңдөөсү керек. Ал арада машина сатуу менен алектенген соодагерлер күн өткөн сайын чыгашага учурагандан эмне кыларын билишпей турган чагы.

XS
SM
MD
LG