Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Капчыкты каккан күйүүчү май баасы


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөлүк базарда мунай баасы арзандаганы менен Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы бензин арзандайт деп айта албай отурушат.

Кара майдын дүйнөлүк базардагы баасы арзандап, Американын WTI мунайынын баррели 42 долларга, Европанын Brent үлгүсү 49 доллардын тегерегинде сатылууда. Мунайдын баасы дүйнөлүк күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизип, арзандоого алып келди. Бирок Кыргызстанда тескерисинче баанын өсүп жатканы кардарлардын толгон суроолорун жаратууда.

Июнь айында борбор калаада бензиндин АИ-92 үлгүсү 36 сомдон болсо, азыр 43 сомдон сатылууда. Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков Орусиянын ири заводдору бааны түшүрбөй, доллар курсу көтөрүлгөнүнө байланыштуу Орусиянын өзүндө күйүүчү май тартыш болуп жатканын айтты:

- Орусиянын бизге жөнөтүп жаткан ири заводдору майды кымбат баада сатып жатышат. Биз дагы кымбат сатып алууга аргасыз болуп атабыз. Андан тышкары доллар көтөрүлүп, Орусиянын ички рыногунда дагы май тартыш болуп, өздөрүн камсыз кылып жетише албай жатат.

ЕАЭБ деле жардам бербей жатат

Кыргызстан күйүүчү майды толугу менен сырттан ташыгандыктан, баа саясатында Орусиянын көзүн кароого аргасыз. Экономист Жумакадыр Акенеев Орусия казынанын 70 пайызын мунай жана күйүүчү майлоочу май аркылуу толтургандыктан, орус бийлиги аргасыздан бааны түшүрбөй кымбат сатып жатканын айтты.

Экономисттин айтуусунда, Кыргызстан жакында мүчөлүккө кирген ЕАЭБди туура пайдаланып, чийки мунайды алып келип, өзү өндүрүп арзан сатканга мүмкүнчүлүктү колдонуу зарыл. Бул жаатта Кара-Балтадагы “Жунда” май иштетүүчү заводунун кубаттуулугун арттыруу керек, – дейт Ж. Акенеев.

- Баанын көтөрүлүшү токтошу керек. Себеби, дагы көтөрүлсө Орусиянын өзүндө начар болот. Орусия аргасыздан бааны кармап жатышат. Биз ЕАЭБдин шарттарын жакшы пайдалансак, Казакстандан биздеги “Жунда” заводуна арзан мунай алып келсек болот. Анткени тыюу алып салынды. Ошондо 10-15 пайызга май арзандамак.

Өкмөт июль айынан баштап бензиндин тоннасына акциздик салыктын баасын 3 миң сомдон 5 миң сомго көбөйткөн. Натыйжада бул дагы бензиндин баасына таасирин тийгизди. Экономист Жумакадыр Акенеев өкмөт акциздик салыкты жоюшу керектигин кошумчалайт.

Майдын сапаты суроо жаратты

Ал арада Казакстан “Луговое” темир жол бекетинде 1,5 жылдан бери кармалып турган күйүүчү май ташыган вагондорду Кыргызстанга алып келүүгө уруксат берди. Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов 30 миң тонна күйүүчү май Кыргызстанга келгени менен ал деле болсо, бензин баасын түшүрөт дегенден алыс. Ага кошумча майдын сапаты төмөндөп кеткенине карабай, У. Кулов күйүүчү май өлкөдө сатыларын ырастады.

- 400 вагондой келди, ар бир орточо эсеп менен 60 тоннадай бензин жана дизель бар. Бир жыл төрт айдан бери бензиндин сапаты дагы эскирет. Ошондуктан аны кайра жаңы бензин менен аралаштыруу керек. Сапаты жогору бензинге аралаштыруу үчүн дагы аны сатып алыш керек, ортодо чыгым бар.

Бир ай ичинде мунайдын баасы дүйнөлүк базарда 11 долларга чейин арзандаса, Кыргызстанда күйүүчү май 6-10 сомго чейин кымбаттады. Дүйнөлүк баанын кесепети Кыргызстанга эки-үч айдан кийин тиет деп айтылганы менен, азырынча Монополияны жөнгө салуу агенттиги менен Нефтетрейдерлер ассоциациясы дагы кийинки айларда май арзандап кетет деп айта алышпайт.

Кыргызстан жылына 1 млн. тоннанын тегерегинде күйүүчү май колдонот.

XS
SM
MD
LG