Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

Парламент алдында “Саламатта барыңыз” акциясы өтүүдө


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Жогорку Кеңеш имаратынын алдында “Жетишет, саламатта барыңыз” деген аталышта пикетке чыкты.

Бул тууралуу Токтнасыров өзү "Азаттыкка" кабарлады. Акция аркылуу ал шайлоого шылтап, жумушка чыкпай эле айлык алып, ыйгарым укуктарын колдонуп жаткан депутаттарга нааразылыгын билдирүүдө.

Парламент депутаттары жайкы эс алуудан кайтканына карабай, Жогорку Кеңештеги жыйындарга толук келбей жатышат. Анын эки жолку жыйыны кворум болбогондуктан үзгүлтүккө учураган. Азыркы курамдагы 120 депутаттын 90дон ашууну парламенттик шайлоого аттанышкан. (КE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG