5-сентябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт, айрым жерлерде күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24,
Бишкекте 5-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен бир аз жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9....11 градус, күндүз 22....24 градус жылыйт. (КЕ)