Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Жалал-Абадда мечиттерде үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынды


УКМКнын облустук башкармалыгы жана облустук казыят бүгүн мечиттерде жума намаз убагында жарандарга кайрылып, шайлоо алдында мечиттерде үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертти.

Шайлоо өнөктүгү алдында коомдук тартипти камсыздоо максатында эрежеге баш ийбеген партия мүчөлөрүнө чара көрүлөрүн УКМК өкүлдөрү ырасташууда. Бул багытта мечит имамдарына да тапшырмалар берилди. Облус аймагында 610 жакын мечит бар, алардын 227 жума мечити болуп саналат.

Кыргызстанда шайлоо 4-октябрга белгиленген. Партиялар бүгүнтөн тарта расмий түрдө бир айлык үгүт иштерин баштады. (RsK)

XS
SM
MD
LG