Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Мамлекеттик тилге эмки жылы эки эсе аз акча бөлүнөт


Мындай кабарды Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 4-сентябрда "Азаттыкка" маалымдады.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2015-жылы 243 миллион сом бөлүнсө, эмдиги жылга 174 миллион сом каралууда. Каржы министринин ырасташынча, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 2016-жылга белгиленген иш чаралардын аздыгына байланыштуу бөлүнчү каражат азайтылган.

"Иш чара азайтылган жок. Бул болгону биз азырынча пландаган иштерге кете турган чыгым. Кийинки жыл башталышы менен жаңы долбоор түзүлөт", -деп "Азаттыкка" билдирди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия төрагасы Эгемберди Эрматов.

2013-жылы Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу үчүн парламентке кайтарып берген. Кийинчерээк президент 2014-жылдан баштап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын программа кабыл алынып, каржылоо эки эсе көбөйөрүн маалымдаган. (JM)

XS
SM
MD
LG