Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Тажикстандагы канды булоондон улам АКШ элчилиги убактылуу жабылды


4-сентябрда Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларында болгон кагылышта 17 адам: сегиз милиционер жана куралдуу топтун тогуз мүчөсү жайран болду. Тажикстандын ИИМнин маалымдашынча, тергөө учурунда эки чабуулду ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Абдухалим ажы Назарзода уюштурганы аныкталган. Назарзода кылмыш жасаганы үчүн жумуштан алынганын 4-сентябрда оболу президент Эмомали Рахмондун сайты жазган.

Вахдат шаардык милицияканасына жасалган чабуулду Зиевиддин Абдуллаев жетектегени маалымдалган.

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги жума күнкү калабада жарандар өлгөнүнө өкүнүчүн билдирип, бул окуялар башка дагы зобун-зордукка башат болушу ыктымал экенин эскертти. Билдирүүдө элчилик убактынча жабылганы, АКШнын расмий адамдарына үйүндө калып, балдарын мектепке жибербөө сунуш кылынганы айтылат.

XS
SM
MD
LG