Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

УКМК: таштандыдагы жардыргычка окшош зат жок кылынды


Бишкектеги “Балдар дүйнөсү” соода борборунун жанындагы таштанды челекте табылган жардыргыч затка окшош нерсе жок кылынганын «Азаттыкка» УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов кабарлады.

4-сентябрда кечки саат 18:40та Бишкек ШИИБнын күзөт бөлүмүнө аты-жөнү белгисиз адам телефон чалып, таштанды челекте жардыргыч затка окшош зат турганын кабарлаган. Айтылган жерге УКМК жана ИИМ кызматкерлери барып, шектүү зат турган жерди кайтарууга алышкан. УКМК табылган зат тийиштүү жол менен жок кылынып, кошумча экспертизага жөнөтүлгөнүн кабарлайт.

Учурда жардыргыч затка окшош нерсе кимдер тарабынан жасалганы аныкталууда.

УКМК жарандар тарабынан жардыргыч затка окшош шектүү буюм табылса, тийиштүү күч органдарына маалымдоосун өтүнөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG