Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Немис онкологу Гюнтер Хенце Бишкекке келди


Германиянын Шариде институтунун профессору, Казакстандын Социалдык өнүгүү министрлигинин кеңешчиси, профессор, балдардын онколог врачы Гюнтер Хенце “Жардамдашуу оңой” кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен Бишкекке келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фонддун төрайымы Динара Аляева билдирди.

Гюнтер Хенце Бишкекте өтүп жаткан Гемотология жана онкология боюнча илимий конференцияга катышып, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен жолугуп, Кыргызстандагы балдар онкологиясынын курч маселелерин талкуулады.

Динара Аляеванын айтымында, немис профессору Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндөгү дарыгерлерге рак оорулуу балдарды дарылоо жаатында бир нече сааттык мастер-класс өтүп, бөлүмдө дарыланып жаткан балдардын акыбалы менен да таанышып чыкты. (BCh)

XS
SM
MD
LG