Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

ЖККУ Тажикстандагы кырдаалды “ички иш” деп атады

Жамааттык коопсуздук келишими уюму Тажикстандагы кырдаалга көз салып турганын жана жергиликтүү бийлик аны жөнгө саларын билдирди.

- Биз бул окуядан кабардарбыз жана бул Тажикстандын ички иши деп эсептейбиз. Мындай бандиттик иш-аракеттер башка өлкөдө деле болушу ыктымал. Бирок биз тажик күч түзүмдөрү абалды мурдагыдай эле жөнгө салып, кылмыштуу топту жок кыларына ишенебиз. – деп Интерфакс агенттигине ЖККУнун пресс-катчысы Ренат Зайнетдинов маалымат берди.

Тажикстанда абалдын курчушу 15-сентябрда Дүйшөмбүдө өтчү ЖККУ саммитине даярдыкка дал келди. Өлкөдө 27-августтан 3-сентябрга чейин “Гром-2015” деп аталган ЖККУга мүчө мамлекеттердин күч түзүмдөрүнүн машыгуусу өткөн.

XS
SM
MD
LG