Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

6-сентябрга карата аба ырайы


6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 15…20,

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26,

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус болот.

6-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 23…25 градус жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG