Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Турганбаев: милициялар үйлүү болот


Тартип сакчылары үчүн салынган батирлер 1-ноябрга чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев Нарында болгон иш сапарында билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери үчүн салынган Бишкек шаарындагы 180 батирлүү үй ушул айдын аягында пайдалууга берилет. Турганбаев Баткен шаарында 24 жана Беловодск айылындагы 46 батирлүү үй салынып бүткөндүгүн кошумчалады.

- Бул көп жылдан бери милицияга көңүл бурулбай калган нерсе болчу. Эми биз аймакта иштеген тартип сакчыларынын үй-бүлөлүк жана материалдык шарттарына көңүл бура баштадык, - дейт Турганбаев.

Мындан тышкары министр өлкөнүн алыскы аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн да имараттары жаңы салынып жатканын белгиледи. Ал имараттардын алды 80 жылдан ашык эски имараттарда иштерин жүргүзүп келген.

Иш сапарынын жүрүшүндө Мелис Турганбаев Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнө жети кызматтык унаа тапшырды. (MiK)

XS
SM
MD
LG