Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Баткен: милиция Тажикстандагы кырдаалга байкоо салууда


Мындай маалыматты «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймактарында кызмат өтөп жаткан участкалык милиция кызматкерлерине кошуна өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу дыкат болуу тапшырмасы берилди. Ага улай жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин да алып баруу зарылдыгы белгиленди.

Учурда Тажикстан менен чектешкен жерлердеги чек ара бекеттери ачык жана кадимкидей эле шартта иш алып барууда. 4-сентябрда Тажикстандын Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларында болгон кагылышта 17 адам, сегиз милиционер жана куралдуу топтун тогуз мүчөсү каза болгон. Куралчан топту кармоо операциясы бүгүн да уланууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG