Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Сариев: өкмөттүн түзүмү өзгөрөт


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 5-сентябрда Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолукканда билдирди. Учурда өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча учурда жумушчу топ иштеп жатат, анын негизинде мобилдүү жана ыкчам өкмөт түзүмү иштелип чыгат, – деди премьер. Ал өкмөттө чечимдерди кабыл алуу механизми өзгөртүлүп, ашыкча макулдашуу жана бюрократиялык убаракерчиликтин азайтылганын билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу жүрүшүндө Жаш ишкерлер өлкөдөгү бизнес жүргүзүү, инвестиция тартуу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча өз пикирлерин, көйгөйлөрүн айтышты.

Премьер-министр ишкерлерге маселелерди чечүү боюнча атайын сунуштарды берүүнү жана мындай жолугушууларды уюштуруп турууну сунуштады.

Буга чейин өкмөт башчы мамлекеттик аппараттагы жумушчулардын санына мораторий киргизүү боюнча документке кол койорун билдирген эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG