Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Жикчилдер Украина аскерлерине ок чыгарышты


Акыркы сутка ичинде Украинанын чыгышында жикчилдер 14 жолу тынчтыкты бузушту. Донбасс атайын операциясынын маалымат кызматы кабарлагандай, кечээ жикчилдер Авдеевка, Марьинка жана Зайцеводогу Украинанын бөлүктөрүн аткылашкан. Жекшембиге караган түнү Лугансктагы Украина жоокерлеринин таяныч пункту дагы ок астында калды.

Украинанын коопсуздук кызматынын маалыматында, «Артемовск-Лисичанск» унаа жолуна жакын жердеги токойдо көп өлчөмдөгү ок жана куралдар катылган кампа табылган. Арасында танкаларга каршы башкаруучу эки ракета бар болгон. Мындан башка танкаларга каршы колдонулуучу граната, ар кандай калибрдеги октор жана жарылуучу заттар алынды.

5-сентябрда Украина президенти Петро Порошенко узак убакыттан бери биринчи жолу Донбасста ок атуу токтогонун айтып, Минск келишими иштей баштады деп жарыялаган болчу. (SDz)

XS
SM
MD
LG