Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:59

Сариев менен Медведев өкмөт аралык кызматташтыкты талкуулайт

Эртең, 8-сентябрда кыргыз премьер-министри Темир Сариев орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Жолугушуу Беларустун Гродно шаарында өтөт. 

Эртең Гроднодо Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммити болот. Уюмдун алкагында саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат. 

Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө болгон ЕАЭБге Кыргызстан быйыл август айында кирген. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG