Муну менен алар талаптары аткарылмайынча тарабай турганын билдиришүүдө.
Кечээ Молдованын борбору Кишиневго он миңдеген киши жыйналып, президент Николай Тимофтинин кызматтан кетишин, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышкан.
Демонстранттар ошондой эле Молдованын Улуттук банкынын, Башкы прокуратурасынын жетекчилеринин кызматтан чегинишин талаап кылышууда.
Полициянын эсебинде, кечээ көчөгө чыккандар саны 60 000 адамга жетти. Отставка жөнүндөгү чакырыктар өлкөдөн бир миллиард доллар каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон соң айтылып жатат.
Молдованын үч банкынан бир миллиард доллар же улуттук дүң өндүрүштүн сегизден бир бөлүгүнө барабар акча былтыр ноябрдагы парламенттик шайлоонун жуп алдында жоголгон.
Кишиневдеги азыркы демонстрацияларды өзүн “Ар намыс жана чындык” деп атаган топ уюштуруп жатат. (UE)