Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Австрия чек арасын мигранттар үчүн кайра жабат


Венгрия-Австрия чек арасындагы мигранттар. 5-сентябрь, 2015-жыл.
Венгрия-Австрия чек арасындагы мигранттар. 5-сентябрь, 2015-жыл.

Бул тууралуу федералдык канцлер Вернер Файмен билдирди. Канцлердин айтымында, Австрия миңдеген мигранттардын алардын аймагына кирип, Германияга өтүп кетүүгө мүмкүндүк берген чукул чараларынан акырындык баш тартып, чек арадагы иш эми кайра "мыйзамдуу жана нормалдуу" жолго түшүшү керек.

Ушул дем алыш күндөрү жеңилдетилген эрежелерден улам миңдеген мигранттар Австрия чек арасын кесип, Германияны көздөй өтө алышты.

Бул аралыкта миңдеген мигранттар Австрия менен Германияга жеткенге чейин кесип өткөн Венгриянын өкмөтү Сербия менен чек арасында курулган дубалдын жанында мигранттар үчүн жаңы лагер ачарын билдирди.

Венгер премьер-министри Виктор Орбандын айтымында, анын өлкөсү мусулман мигранттарды кабыл алгысы келбейт. Венгер өкмөт башчысы Европа христиандык иденттүүлүгүн жоготот деп да эскертти.

Өкмөттүн аракеттерине карабай Венгрия менен Австрияда ыктыярчылар мигранттарга жардам таратып, аларды Германияны көздөй унааларына сала кетүүдө. Германиянын өзүндө өкмөттүк коалиция мигранттарга жардам көргөзүү үчүн алты миллиард евро ажыратууну макулдашты.

Рим папасы Франциск Европадагы чиркөөлөрдү жана диний жамааттарды тилектештик иретинде бирден качкындын үй-бүлөлөрүн кабыл алууга чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG