Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Караколдо миңге жакын наристе бала бакчага кезекте турат


Каракол шаарында быйыл дагы миңге жакын наристе бала бакчага барбай калганын “Азаттыкка” калаанын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди. Айтымында, шаар боюнча учурда 14 мамлекеттик жана 4 жеке менчик бакчаларда төрт миңден ашуун бала тарбияланып жатат. Кезекте тургандар өтө көп болгондуктан балдар эки эсе ашыгы менен кабыл алынууда.

Орозова бала бакча жетишсиздигин чечүү үчүн шаардын бюджетинен каражат бөлүнүп, кошумча тайпаларды ачуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады. Жаңы бала бакча курууга мүмкүнчүлүк жок.

Учурда шаардык мэрия Совет доорунан калган, бирок менчикке өтүп кеткен 38 бала бакча имараттарынын 24үн сот аркылуу мамлекетке кайтаруу аракетин көрүүдө. Ысык-Көл облусу боюнча учурда 150 бала бакча куруу зарылчылыгы бар. (AsA)

XS
SM
MD
LG