Партиялардын шайлоо дебатын КТРКнын журналисттери Алмаз Касымалиев менен Светлана Акматалиева алып барат. Бул тууралуу "Азаттыкка" КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.
Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын дебаты 25-сентябрда башталат. БШК өткөргөн чүчү кулакта биринчилерден болуп "Мекен Ынтымагы", КСДП жана "Бир Бол" партиясынын дебаты өтөөрү белгилүү болду.
26-сентябрда "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" жана "Өнүгүү-Прогресс", 27-сентябрда "Республика Ата-Журт", "Ар-намыс" жана "Замандаш", 28-сентябрда "Азаттык", "Улуу Кыргызстан" жана "Кыргызстан" айтышат.
Шайлоо дебатын 29-сентябрда "Аалам" жана "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиялары жыйынтыктайт.
Шайлоо кодекси боюнча партияларга коомдук республикалык каналдан бекер он мүнөттүк эфир берилет. Дебатты КТРК жана ЭлТР көрсөтөт.