Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Франция Украина боюнча саммит өткөрүүнү сунуштады


Француз президенти Франсуа Олланд Украина, Орусия, Германия, Франция лидерлеринин саммитин ушул айдын соңунда өткөрүүнү сунуш кылды.

Олланд бүгүн кабарчыларга билдиргендей, жогорку деңгээлдеги жыйын Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 28-сентябрда ачылганга чейин өтүп, Украинанын чыгышындагы тынчтык жараяндын азыркы абалы бааланышы керек.

Француз президентинин пикиринде, акыркы саналуу аптада бул жаатта жылыш болду, ок атышууну токтотуу эрежеси дээрлик сакталып жатат.

Өзү быйыл февралда кол коюлган Минск келишими утур-утур бузулуп келген. Президент Петро Порошенко 5-сентябрь күнү ок атышууну токтотуу режими биринчи ирет бир апта бою толук сакталганын айткан эле.

Украинанын чыгышында былтыр апрелде тутанган куралдуу жаңжалдан бери 6500дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG