Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Качкындар кризисинен улам Венгрия коргоо министри кызматтан кетти


Венгриянын коргоо министри Чаба Генде кызматтан кетерин дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук кеңешинин качкын мигранттар маселесин караган жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Виктор Орбан коргоо министринин кызматтан кетүү арызына макулдугун берип, министрликти “Фидес” партиясындагы өзүнүн шакирти, мурдагы спорт министри Иштван Симичкого сунуш кылды.

Өткөн жумада Венгрия 100 миңден ашуун качкындар чогулган чек арасынан мигранттарды өткөрбөө үчүн атайын күчтөрдү жайгаштырууну сунуштаган.

8-сентябрда Венгриянын Сербия менен чек арасындагы качкындар полиция тосмосун жарып, Будапештти көздөй жөө жөнөшкөн. Полиция аларды шаарга чейин коштоп келген.

XS
SM
MD
LG