Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Мал ылаңына каршы вакциналар аймактарга таратылды


Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы күйдүргү, чума, оспа, шарп жана башка ылаңдарга каршы вакциналар алынып келгенин жарыялады. Аталган дары-дармектер өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртуу аракетинде атайын жүргүзүлгөн тендер боюнча сатылып алынган.

Вакциналар Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарына жана Бишкек шаарына таратылды. Ушул тапта башка аймактарга да жеткирүү иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда эпизоотикалык абалдын начардыгынан улам эт менен сүт азыктары “кара тизмеге” киргизилип, чет мамлекеттерге сатууга тыюу салынган. Жакында Нарын облусундагы айрым жайлоолордо күйдүргү оорусу чыгып, бир нече күнгө карантин жарыяланган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG