Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:00

Башкы штабдын кызмат адамына кылмыш иши козголду

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында иштеген жооптуу кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айыпталууда. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ал тармакка бөлүнгөн учактарга колдонулуучу бензиндин 40 тоннадан ашуунун өз кызыкчылыгына пайдаланып жиберген деп шектелүүдө. Натыйжада, 2 миллион 21 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.

Кармалган кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 171 (ишенип берилген мүлктү өз кызыкчылыгына коротуу) беренелери боюнча күнөө тагылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG