Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Унаа салыгын төлөбөгөндөр боюнча рейд башталды


Мамлекеттик салык кызматы бүгүндөн тарта унаа салыгын төлөбөгөндөргө каршы атайын рейд баштады. Аталган мекемеден кабарлашкандай, 1-сентябрга чейин тийиштүү төлөмдү төкпөгөндөр негизги салыктан сырткары, 2 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирилет.

Унааларга салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктары буга чейин бир канча ирет эскертилген.

Салык наркы унаанын түрүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, колдонулган мөөнөтүнө жараша эсептелет. Айдоочулар акчаны салык кызматынын кеңселерине же банк аркылуу төлөй алышат. (SE)

XS
SM
MD
LG