Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Бүгүн дүйнөдө журналисттердин тилектештик күнү белгиленүүдө


Журналисттердин эл аралык тилектештик күнү 1958-жылдан бери белгиленип келатат. Тилектештик 1943-жылдын 8-сентябрында Германияда антифашисттик көз караштагы чехословакиялык журналист Юлиус Фучик дарга асылган күндөн башталган.

Кыргызстандык журналисттер да бул күндү кесиптик майрамдардын бири катары белгилешет.

Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу эркин деп таанылган. Эл аралык “Чек арасыз репортерлор” (Reporters without borders) уюмунун 2015-жылдагы “дүйнөлүк басма сөздүн эркиндик индексин” иликтөө жыйынтыгында Кыргызстан 88-орунга чыккан. Өткөн жылы - 97, ал эми 2012 - 2013-жылдары 106-орунда болчу. Иликтөөгө дүйнөнүн 180 өлкөсү тартылган.

178-орундагы Түркмөнстан сөз эркиндиги ооздукталган өлкө болуп эсептелет. Тажикстан 116-орунда, 160-тизмеде Казакстан. Өзбекстан 166-орунга жайгашкан. Эл аралык уюмдун иликтөөсүндө Орусия сөз эркиндиги боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде 152-орунда турат.

“Чек арасыз репортерлор” уюмунун ырасташынча, алдыңкы үч орунду Финляндия, Норвегия жана Дания өлкөлөрү ээлейт. (SE\SDz)

XS
SM
MD
LG