Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын арасынан үгүт жана уюштуруу иштерине каражатты эң көп короткондордун алдында "Өнүгүү-Прогресс" келатат. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, анын эсебине түшкөн 91 миллион сомдун 89 миллиону жумшалды.
Андан кийин 60 миллион короткон "Республика Ата-Журт", 59 миллион чыгарган КСДП жана 57 миллион сомун жумшаган "Ата-Мекен" партиялары келатат.
Ал эми "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясы үгүт иштерине азырынча бир сом чыгара элек. (RK)