Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Усубалиев менен коштошуу зыйнаты Ала-Тоо аянтында өтөт


Коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев менен коштошуу зыйнаты 9-сентябрда Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында өтөрүн анын жакындары билдирди. Зыйнатты уюштуруу боюнча өкмөттүк комиссия ушундай чечимге келди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн президенттик фонддон 1 миллион сом бөлүндү.

Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында оорудан улам кайтыш болду. Коштошуу зыйнаты алгач Тарых музейинде өтөрү кабарланган эле.

Усубалиев Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин, дээрлик чейрек кылым башкарып турган. (SE)

 

XS
SM
MD
LG