Оштун Жапалак айыл аймагына караштуу Татар айылында кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, 5-сентябрда жергиликтүү тургундардын биринин ити өлүп калган. Ит кутурма ылаңына күмөндөлүп, Ош зоналдык ветеринардык диагностикалык борборуна жөнөтүлгөн.
Текшерүүнүн натыйжасында илдет тастыкталган. Ветеринардык борбордун кызматкерлери айылдагы 2 баш бодо мал, 12 баш майда жандык, 1 баш эшек жана 21 ит-мышыкты кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрдү. (RK)