Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын жетекчилиги жана ал жерде иштеген айрым кызматкерлер тендер өткөрүүдө мыйзам бузган деп шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ИИБ башчысы Эмилбек Салиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын августунда дирекциянын жетекчилиги Кара-Ой айылындагы тегирменге жабдуу сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзгөн. Жабдуу сатып алууга 1 миллион 700 миң сом бөлүнүп, тендерге эки аткаруучу катышкан. Комиссия тендерге катышып жаткан аткаруучулардын бири менен мыйзамсыз келишим түзгөнү аныкталган.
Учурда ишти облустук прокуратура териштирип жатат.
Бир жыл мурун да Жети-Өгүздүн Саруу айылында балык чарбасын уюштуруу боюнча өткөрүлгөн тендер мыйзам бузуу менен коштолгону аныкталып, дирекциянын жана тендердик комиссиянын жетекчилерине карата кылмыш иш козголгон. (SE)