Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Порошенко Саакашвилини премьерликке дайындоо боюнча кайрылууну карайт


Украина -- Президент Порошенко менен Одесса облусунун губернатору Саакашвили эл алдында, 8-июль, 2015.
Украина -- Президент Порошенко менен Одесса облусунун губернатору Саакашвили эл алдында, 8-июль, 2015.

Украин президенти Петро Порошенкодон Грузиянын мурдагы президенти, Одессанын азыркы губернатору Михаил Саакашвилини өкмөт башчылыкка дайындоону талап кылган петиция кароо үчүн зарыл болгон 25 миң колду чогултту. Украин президентинин сайтына жарыяланган бул документке 26 миңдей кишинин колу коюлган. Анда болгону "Саакашвили Украинанын премьер-министрлигине дайындалсын. Акыры Украинада реформа жүргүзө турган адам келсин. Коррупция менен реформалардын созулушуна чыдам түгөндү," - деген үч сүйлөм гана жазылган.

Мыйзам боюнча украин президенти бул кайрылууну он жумушчу күн ичинде карашы керек.

Азыр Одесса облусун башкарып жаткан Михаил Сааакашвили мунун алдында видео кайрылуу жасап, өкмөттү коррупция менен чыныгы күрөш жүргүзүүгө, реформаларды ишке ашырууга бут тоспоого чакырган. Ошол эле учурда ал Украинанын премьер-министри болгусу келбегенин да айткан.

XS
SM
MD
LG