Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 19:45

Паракорлукка шектелген дарыгер камалды


Ош облустук ооруканасына денеси күйүп, дарыланууга жаткырылган эки жашар баланын ата-энесинен 10 миң сом пара талап кылган деген шек менен кармалган дарыгер убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, дарыгер алгач 5 миң сом алган. Баланын абалы кайрадан начарлаган учурда дагы 10 миң сом сураган. Ыкчам иш-чаралардын негизинде 7-сентябрда дарыгер суралган акчанын жарымын алып жаткан учурда колго түшкөн. (YI)

XS
SM
MD
LG