Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

БУУ Украинадагы урушта 8 миңдей адам ажал тапканын жарыялады


Украина -- Донецкидеги украин аскери.
Украина -- Донецкидеги украин аскери.

Бириккен Улуттар уюму Украина чыгышындагы кагылыштарда курман болгондордун саны кеминде 7 миң 962 адамга жетип, дагы 17 миң 811 киши жараланганын билдирди.

"Бул болжолдуу гана эсеп, чыныгы курмандыктардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн", - деп айтылат БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын бүгүнкү билдирүүсүндө.

Украинанын Донецк менен Луганск облустарында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы кагылыш 2014-жылдын апрелинде башталган. Ок атышууну токтотуу боюнча быйыл февралда жетишилген келишим утур-утур бузулуп жатканы айтылып келет.

 

 

XS
SM
MD
LG