Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

БУУ Азербайжандагы жарандык коомго чабуулду айыптады


Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Зейд Раад ал-Хусейн
Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Зейд Раад ал-Хусейн

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Зейд Раад ал-Хусейн Азербайжанда жарандык коомго карата чабуул уланып жатканын айыптап чыкты. Шейшембиде таратылган билдирүүдө бул өлкөдө журналисттерди, укук коргоочуларды жана активисттерди аңдуу, кысмактоо жана коркутуулар токтобой жатканы айтылат. Аль-Хусейн Бакуну сөз эркиндиги, тынч жыйындарды өткөрүү же башкалардын укугун коргоо сыяктууукуктарын пайдаланганы үчүн камалгандардын баарын тезинен бошотууга чакырган.

1-сентябрда Баку соту "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан иликтөөчү эркин журналист Хадижа Исмаилованы жети жарым жылга абакка кескен. Укук коргоочулар журналистке тагылган айып өлкө бийлигинин бийик баскычында отургандардын коррупциялык иш-аракетин ашкерелеген макалалары үчүн өч алуу болгонун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG