Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Сариев ЕАЭБ кыргызстандыктарга кодулаган мамиле жасалбашын эскертти


Темир Сариев ЕАЭБ аймагында Кыргызстандын товарларына жана жарандарына кодулаган мамилени токтотууну өтүндү. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөт башчысы кечээ Евразия экономикалык биримдиктин өкмөт башчыларынын саммитинде айтты.

“Бул көбүнчө техникалык маселелерге байланыштуу деп эсептейбиз. Бирок биз өнөктөштөрдөн аймактын башка өлкөлөрүнө кирүүдө биздин жарандарга жана товарларга кодулаган мамиле жасалышына жол бербөөсүн өтүнөбүз. Анткени, Кыргызстандык жарандар менен ишкерлер да евразиялык интеграциянын биздин өлкөгө оң таасирин сезүүлөрү керек” деди Темир Сариев.

Ал ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн эт-сүт азыктарын биримдиктин аймагында сатууга мүмкүнчүлүк берүүнү, бул маселени 1-октябрга чейин кароону сунуштады. 1-октябрга чейин биримдиктеги эт-сүт азыктарынын баалары боюнча уюмдун бирдиктүү тарифин бекитүүнү өтүндү. Биримдикке мүчө башка өлкөлөрдүн өкмөт башчылары бул маселелер жакынкы аралыкта каралып, чечилерин айтышты.

Евразия экономикалык биримдиктин өкмөт башчыларынын саммити 8-сентябрда Беларустун Гродно шаарында болду.(ZKo;UEz)

XS
SM
MD
LG