Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Украинадан келчү товарлар кескин азайды


Украинанын белгилүү "Рошен" таттуулары.
Украинанын белгилүү "Рошен" таттуулары.

Кыргызстанга Украинадан келчү тамак-аш азыктары кескин азайып, ишкерлер дээрлик ал жактан товар албай калды. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Өндүрүш продукцияларын жеткирүүчүлөр бирикмесинин президенти Гүлнара Өскөнбаева билдирди. Украинадан азыктардын келиши бир жыл мурун 15% кыскарган.

- Биздин уюмга мүчө ишкерлер арасында Украина менен иштегендери товар ташууну биротоло токтотту. Анткени, көп чыгаша болуп атышат. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кирген соң уюмга мүчө эмес мамлекеттерден товар ташуу эрежелери да татаалдашып атат.

Өткөн жылы Украинадагы коомдук-саясий абалдын курч болуп турганына байланыштуу кыргыз ишкерлери тобокелчиликке барууну каалабай, товар алуунун санын кыскартканы айтылган.

Кыргызстанда Украинада чыгарылган таттууларга, май жана ун азыктарына, ошондой эле эмеректерге талап күчтүү. (SE)

XS
SM
MD
LG