Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашкандай, Кыргызстандагы 2640 мечиттин 2014тү гана мамлекеттик каттоодон өткөн. Калган 626 мечит каттоосу жок пайдаланылып жатат.
Каттоосу жок мечиттер бүт өлкө аймагында бар. Ал эми каттоого алынгандары Ош облусунда - 663, Жалал-Абадда - 526, Баткенде - 281, Чүйдө - 223, Таласта - 105, Ысык-Көлдө - 74, Нарында - 52, Ош шаарында - 61, Бишкекте - 32.
Муфтияттын мечиттер жана курулуш бөлүмү каттоосу жок мечиттерди эсепке алуу иштерин жүргүзүп жатат. (SE)