Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Ошто жаштардын улут аралык ынтымагын бекемдөөгө арналган долбоор иштөөдө


Кыргызстандын түштүк аймагындагы облустарда жашаган жаштардын улут аралык ынтымагын бекемдөөгө багытталган долбоор иштей баштады. Анын алкагында жаштардын борборлору ачылат. Ош шаарында бүгүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан келген жаштар үчүн атайын тренинг уюштурулуп, өз алдынча уюм ачуунун жол-жобосу, юридикалык каттоого туруу, салык төлөө, устав иштеп чыгуу, мониторинг жүргүзүү үйрөтүлүп, команда болуп иштөө жана социалдык долбоорлоо окутулду.

Долбоорду Европа Биримдиги каржылайт. Аны DVV International, Youth of Osh уюмдары Жаштардын өнүгүү институту менен бирге ишке ашырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG