Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Качкындарды тепкен венгриялык журналист иштен алынды


Окуя Венгрия менен Сербия чектешкен аймактагы Реcке деп аталган качкындар лагеринде болгон. Анда колунда видеокамерасы бар журналист айым полициядан качып бараткан эки качкынды тепкени тасмага жазылып калган. Видео интернетке 8-сентябрда чыкты.

The Guardian басылмасы тараткан кабарга ылайык, журналисттин аты жөнү Петра Ласло. Ал N1TV телеканалында иштейт. Буга чейин качкындарга карата жек көрүү сезими менен баяндарды даярдаган.

Аталган телеканалдын башкы редактору жергиликтүү булактарга берген маегинде кесиптешинин жоругун жосунсуз деп атаган. (SE)

XS
SM
MD
LG