Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Украинада Саакашвилини өкмөт башчылыкка сунуштаган 26 миңден ашуун кол топтолду


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин Украинадагы колдоочулары аны өкмөт башчылыкка көргөзүү үчүн керектүү 26 миңден көп кол топтошту.

Май айынан бери Одесса облусун жетектеп келаткан Саакашвили бул кызматка ниети жоктугун билдирген. Президент Петр Порошенко август айында киргизген электрондук кайрылуулар системасына ылайык үч ай же андан аз убакыт ичинде 25 миңден көп кол топтогон сунуштар мамлекет башчы, өкмөт жана депутаттар тарабынан каралууга тийиш.

Саакашвилини колдогон петиция 3-сентябрда расмий түрдө тапшырылган. Ошол эле күнү Порошенкого таандык Бешинчи телеканал Грузиянын экс-президенти менен интервьюну обого чыгарган. Саакашвили анда украин өкмөт башчысы Арсений Яценюктун реформалар долбоорун катуу сындаган. Премьер эртеси ал сынга жооп кайтарып, мунун бардыгы “жалган айыптоолор” экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG