Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Токтогул көлүндөгү суунун көлөмү 12,6 млрд. кубметрден ашты


Токтогул көлүндөгү суунун көлөмү 9-сентябрга карата 12 млрд. 699 млн. кубметрди түздү. Өткөн жылы бул мезгилде суу сактагычта 11 млрд. 873 млн. кубметр суу бар болчу.

Токтогул көлүндө акыркы беш жыл аралыгында суу арбын топтолгон эки жылы - 2010-жылы 9-сентябрда 19,509 млрд. кубметр, 2011-жылы 19,491 млрд. кубметр суу толгон.

Былтыр кышкы жылуулук сезонуна Токтогул суу сактагычы 10 млрд. кубметрдин айланасындагы суу менен кирип, кыш ортологондо суунун көлөмү эң төмөнкү чекке жеткен. Кыргыз өкмөтү сууну үнөмдөө максатында Казакстандан 1,4 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG